• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ошто мыйзам бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Ош шаарында мыйзам талаптарын бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ош региондук мамлекеттик-архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы "ЭУМ" ЖАК тарабынан Ноокат районунун борбордук бөлүгүндө курулуп жаткан соода борбордун курулушуна пландан тышкары текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ченемдик укуктук актылардын бузулган фактылары аныкталып, жазма буйрук берилди. Ошондой эле КР Укук бузуулар кодексине ылайык, 200 миң сом айып салынды. Мындан ары мыйзам чегинде тийешелүү иш аракеттер уланат.

Пикир

Оставить комментарий