Ошто мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш күчөтүлөт. Бул тууралуу мыйзамсыз жана жаңыдан курулуп жаткан курулуштарды мыйзам талаасына келтирүү боюнча күч түзүмдөрүнүн жана көзөмөл органдарынын жетекчилеринин жумушчу кеңешмесинде айтылды.

Жыйында калаа башчысы Бактыбек Жетигенов Ош шаарынын жаңыдан дайындалган башкы архитектору Азамат Каныбек уулу менен тааныштырды.

"Шаардагы мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөшүү, аларды иретке келтирүү, өзүм билемдике жол бербөө жергиликтүү бийликтин, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын негизги жумуштарынын бири. Бул жаатта бардык тиешелүү кызматтар курулуш тармагында мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн өз ара тыгыз кызматташууну күчөтүп, макулдашылган тартипте иштөөсү зарыл. Ош шаарынын мэриясы бул багыттагы маселелерди чечүүгө жана көмөктөшүүгө ар дайым даяр”, - деди Бакытбек Жетигенов.

Пикир

Оставить комментарий