• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Ошто мыйзамсыз жана убактылуу курулуштарга каршы күрөш күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Ошто мыйзамсыз жана убактылуу курулуштарды мыйзам талаасына келтирүү иш-чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов тиешелүү органдардын жана кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте мыйзамсыз жана убактылуу имараттар менен жеринде таанышты.

Анын алкагында Ы.Монуев, Г.Айтиев, А.Мамыров, Н.Исанов көчөлөрүнүн боюндагы объектилер текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын адистерине, архитектура башкармалыгы жана "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын жетекчилери менен биргеликте мыйзамсыз жана убактылуу соода курулуштарды мыйзам талаасына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырмалары берилди.

Пикир

Оставить комментарий