Бишкек, 16.03.18. /Кабар/. Ош шаарында “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүү боюнча борбордук аянтта кызуу даярдык жүрүүдө,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Анын алкагында төмөндөгү иш-чалар уюштурулат:
20-март күнү борбордук аянттын жанында жайгашкан “Сүйүү” эс алуу жайында сүмөлөк кайнатылып, “Кадыр түн” каадасы өткөрүлөт. Аны Ош технологилык университети уюштурат.
21-март күнү Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Нооруз-2018” элдик майрамын өткөрүлөт.
Майрамдык салтанат, 21-март күнү шаардын борбордук аянтында саат 10:00до “Нооруз-2018” театралдык оюн зоок, концерттик чоң программа менен башталат.
Саат 11:30да Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятын чагылдырып, “Ыкчам боз үй тигүү” сынагынын финалы болуп, жеңүүчүлөр сыйланат.
12:00дө С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда “Элдик кол-өнөрчүлөрдүн” сынак-көргөзмөсү өткөрүлөт.
12:30 С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрнда “Жүрөгүмдө Кыргызстан” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо.
13:00дө Сай-Бою көчөсүнө “Байыркы Ош баалуулуктары” сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.
14:00дө “Нооруз-2018” элдик майрамын утурлай улуттук ырлар, Манас айтуу, улуттук бий, улуттук кийим кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланып, чоң программадагы концерт менен коштолот.
Пикир
Оставить комментарий