• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук милициясына 2 автоунаа белек кылды

Аймак 0

Бишкек, 10.09.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасына Toyota Corolla жана Mercedes-Benz Sprinter белек кылды.

Автоунааларды күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генарал-лейтенант Камчыбек Ташиев тапшырды. Бул тууралуу "Кабарга" облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

УКМК башчысы өз сөзүндө 29-августта президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келген учурда Жалал-Абад ОИИБге белек берип жибере тургандыгын айткандыгын, ошол белекти тапшыруу үчүн келгендигин билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Абитов, Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад ОИИБдин жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын өздүк курамдары катышты.

Пикир

Оставить комментарий