• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кайра шайлоо.Ошто саат 14:30га карата мыйзам бузуулар боюнча 8 билдирүү келип түшкөн

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-июлда саат 14:30га карата Ош шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо учурунда мыйзам бузуулар тууралуу 8 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу брифинг учурунда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча – 2, жарандардын шайлоочулардын тизмелери менен шайлоо тилкелеринде туруусу боюнча – 4 жана шайлоочуларды унаа менен ташуу боюнча – 2 билдирүү келген.

«Мындан тышкары, шайлоочулардан 1, социалдык тармактардан 4, Ички иштер башкармалыгынан 3 билдирүү түшкөн»,-деди ал.

Аттокуров 2 билдирүү боюнча ыкчам чара көрүлүп, маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталгандан кийин АШКга өткөрүлүп берилгенин, 6 билдирүү боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий