• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандагы шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык өттү – ТТМКК

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Кыргызстандагы президенттик шайлоо жана референдум эл аралык стандарттарга ылайык өттү. Бул тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) миссиясынын башчысы Мирвахид Азимов билдирди.

Анын айтымында, байкоочулар Кыргызстандагы кезексиз шайлоонун алдында үгүт иштеринин материалдарын карап чыккан.

"Байкоочулар миссиясы Тышкы иштер министрлиги жана БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугуштук. БШК Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте шайлоо тилкелеринде санитардык эрежелердин сакталышына шарт түздү", - дейт ал.

Мирвахид Азимов чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлүп, кыргызстандыктардын добуш берүүсүнө мүмкүнчүлүк каралганын айтып өттү.

"Буга чейинки парламенттик шайлоодогу даттануулардан улам №2 форма жоюлганын позитивдүү кадам деп эсептейбиз. Шайлоо ачык-айкын, мыйзамга ылайык өттү", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий