• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто санитардык ченемдерди сактабаган 10дон ашык мекеме жабылды

Аймак 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Ош шаарындагы санитардык ченемдерди сактабаган 10дон ашык мекеме жабылды.

Шаардык мэриянын маалыматына караганда, калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүүдө.

Рейддин алкагында аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында 5 сулуулук жана косметологиялык салон, 4 тиш дарылоочу борбор, 5 медициналык дарылоо бөлүмү жабылып, санитардык талаптарды сактабагандарга жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, рейдке Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери жана адистери катышты.

Текшерүүлөр сентябрдын аягына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий