• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын шаарынын борбордук аянтына темир тосмолор орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына узундугу 100 метрди түзгөн темир тосмолор орнотулду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аны орнотуунун негизги максаты элдин коопсуздугун сактоо, борбордук аянтта жайгашкан имараттардын астына унаалардын токтоосуна тыюу салуу, ирээтке келтирүү жана шаарды көрктөндүрүү болуп эсептелет.

“Ар биринин узундугу 1,5 метрден турган 65 даана тосмолорду, борбордук аянтта масштабдуу иш чараларды өткөрүүдө жыйнап койгонго да ыңгайлуу. Жакынкы күндөрү тосмолорго гүлдөрдүн түрү өстүрүлгөн гүл челектер илинээри күтүлүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, тосмолорду жасатууга жергиликтүу бюджеттин эсебинен 135 миң сом акча каражаты жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий