• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Р.Атамбаева Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайына катышты

Ден соолук 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. КР Саламаттыкты сактоо министрлиги, Ош мамлекеттик университети, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана башка бир нече уюмдардын жетекчилиги менен Ош шаарында биринчи жолу 2017-жылдын 18-19-майында Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайы Ош мамлекеттик университетинде өтүп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Курултайга республикабыздын бардык аймактарынан 500дөн ашуун үй-бүлөлүк дарыгерлер, медициналык ЖОЖдордун жана факультеттердин профессордук-окутуучулук курамы, саламаттыкты сактоонун көрүнүктүү илимпоздору катышты. Алардын катарында ыраакы чет өлкөлүк, Борбордук Азиялык жана КМШ өлкөлөрүнүн үй-бүлөлүк медицина тармагы боюнча эксперттери жана адистери да катышышты.

Курултайда КРдин биринчи айымы Раиса Атамбаева, Президенттин аппаратынын орун басары Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов, КРдин Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош облусунун губернатору Таалай Сарыбашев, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков, И. К. Ахунбаева атындагы КУМАнын ректору Индира Кудайбергенова, Дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер уюмунун европалык бөлүмүнүн президенти Анна Ставдаль, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо борборунун жетекчиси Хуан Тилло, Рене Холенштайн, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин жардамчысы, профессор Луи Лутон, USAID өкүлчүлүгүнүн директору Розен Кимберли сөз сүйлөшүп Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайынын ишинин жүрүшүнө ийгиликтерди каалап, үй-бүлөлүк медицинаны уюштуруу маселелери, үй-бүлөлүк дарыгерлерди даярдоо багытындагы ойлорун ортого салышты.

Пленардык жыйындын жүрүшүндө баяндамалар жасалып, талкуулар жүрүп, сунуш-пикирлер айтылды.

Ошондой эле, курултайдын калган бөлүгү ОшМУнун Ак-Буура кампусунда жайгашкан медицина факультетинин жана клиникасынын базасында уланууда. Курултай эртен 19-майда ОшМУнун Ак-Буура кампусунда улантылат. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, тиешелүү тармактарга сунушталат.

Белгилей кетсек, 1996-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер институту иштей баштаган. Учурда 64 үй-бүлөлүк медицина борбору, 28 жалпы дарыгердик практикалоо борбору, 1640 үй-бүлөлүк дарыгерлер жана 4328 медайым эмгектенет. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин курултайында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эң мыкты дарыгерлери, КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дарыгерлери өз ара тажрыйба алмашат. Бул курултай үй-бүлөлүк дарыгерлердин, педагогдордун саламаттыкты сактоо жетекчилеринин ортосундагы ынтымактын жана достуктун платформасы болот.

Пикир

Оставить комментарий