Ошто санитардык талаптарды сактабаган бассейн аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Ош шаарында санитардык талаптарды сактабаган бассейн аныкталды. бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ош шаар суу канал" ишканасы тарабынан "Сулайман-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгынын (Түштүк-Чыгыш кичи району) С.Бахапова көчөсүндө жайгашкан бассейндин аймагындагы ажаткананы иштетүүдө санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин бузулгандыгы аныкталды.

Мында Ак-Буура дарыясынын жээгине жакын жерде эрежелерди бузуу менен ажаткана үчүн септик курулган.

Бул боюнча жеринде тиешелүү кызматтар карап чыгышып, суу түтүктөрү кыркылып, акт түзүлдү. Укуктук баа берүү үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий