• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто сел агызып кеткен дагы бир аялдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Ош шаарында селге агып кеткен дагы бир аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин 6 жашар кыздын сөөгү табылган. Эми дагы бир аял жана эки кыз изделүүдө. Учурда жалпы 350 адам издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, кечээ Кара-Суу районунун Өзгүр айылында катуу келген селден элди куткаруу учурунда жардам берип жаткан кишини КамАЗ тебелеп кетип, ал ошол жерден каза болуп калган.

Ошентип, жалпысынан Оштогу селдин кесепетинен 3 адам каза болуп, 3 адамды издөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү — 4 адамды жана дагы бир аялды, ошондой эле соода күркөлөрүн, унааларды агызган. Учурда издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин тазалоо иштери күчөтүлгөн режимде уланууда.

Пикир

Оставить комментарий