• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кара-Кулжада "Мерседес" унаасын кар көчкү сүрүп кетип, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 105-106-чакырым аралыгында (Терек-Чаты тилкеси) 9-февралда саат 15:30дар чамасында болжол менен 3 миң куб метр кар көчкү түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жол боюнда токтоп турган "Мерседес" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны кар көчкү сүрүп кеткен. Унаанын 31 жаштагы айдоочусу жеңил жаракат алган.

"Жабыркаган жаран жергиликтүү тургундардын жардамы менен Кызыл-Жар айыл аймактык ооруканага жеткирилген. Абалы жакшы", - деп айтылат маалыматта.

Тартылган техниканын жардамында саат 21:00дө жол бир изге ачылып, тазалоо иштери токтотулган. 10-февраль күнү жолду кеңейтип тазалоо иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий