• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, изделип жаткан 7 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарынынан Шахрихонсой сайынан табылды. Эми анын сөөгү "Достук" чек ара постунан кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.

“Учурда ӨКМдин Ош шаары боюнча куткаруу кызматы тарабынан 2 аял киши жана 2 кичине кыз изделүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош облусунда катуу сел жүрүп, турак жайларды, короо-сарайларды, соода күркөлөрүн жана айдоо аянттарын суу каптаган.

Пикир

Оставить комментарий