• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 82 техника тартылды

Аймак 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Ош облусунда сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 80ден ашуун техника тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, облус аймагында 20-21-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Селдин кесепетинен 1 адам каза болуп, үйлөрдү суу каптап, унаа жолдор жабылган.

Учурда селдин кесепеттерин жоюуга 508 адам, 82 техника тартылып, жеринде иш алып барууда.

Эскерте кетсек, сел кесепеттерин жоюу, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү 21-апрелде облус аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Пикир

Оставить комментарий