• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто сел жүргөн аймактарды залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Ош шаарында сел жүргөн аймактарды залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери Ак-буура каналынын жээгинде, 13 эс алуу жайларында, ошондой эле "Керемет-Балакай" балдар бакчасында залалсыздандыруу иштерин жүргүзүштү.

Жапалак айыл аймагына караштуу Төлөйкөн, Бодур-Таш, Озгур жана Кыргызстан айылдарында селдин кесепеттерин жоюу үчүн жалпы 6 санитардык топ түзүлүп, 51 турай үй, короо-жайлар жана ажатканалар залалсыздандырылды.

Эс алуучу жайлардан, ичүүчү таза суу түтүкчөлөрүнөн 40, ачык көлмөлөрдүн сууларынан 40 жана 21 баткактын үлгүлөрү алынып, лабораториялык жактан изилденди.

"Калк арасында жугуштуу илдеттердин пайда болуусун алдын алуу, залалсыздандыруу жана чалгындоо иштери улантылууда, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери тарабынан селден жабыркаган 192 жаранга, анын ичинде 63 жаш балага жана 24 кош бойлуу аялга медициналык жардамдар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий