• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында күн сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн да шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери калаадагы автоунаа жүрүүчү жолдордо залалсыздандыруу иштерин алып барышты. Мындан тышкары бөлүмдүн 40 кызматкери шаардын борбордук бөлүгүндөгү жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдорду дезинфекциялашты.

Жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү тармактарга иш-аракеттерди күчөтүү тапшырмалары коюлган. Бул аракеттердин баары тургундар арасында коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун алдын алуу болуп саналат.

Бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан калаанын аймагындагы 162 миң 946 метр аралыктагы унаа жолдоруна дезинфекциялоо иштери жасалды.

Пикир

Оставить комментарий