• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто селден улам үйү кооптуу абалга келгендерге 1 млн сомдон берилет

Аймак 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Ошто селден улам үйү кооптуу абалга келгендерге 1 млн сомдон берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Оштогу селдин кесепеттери менен жеринен таанышуу учурунда айтты.

Муниципалитеттен малымдашкандай, ал иш сапарынын алкагында Ош шаарынын борбордук базарында болуп, соодагерлер менен жолугушуу өткөрүп, сел жана суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымдады.

Андан кийин Ташиев мэрияда жыйын өткөрүп, Ош шаары жана Ош облусунда болгон селдин кесепеттерин тез арада жоюу боюнча, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн Ош шаарынын борбордук базарын эки айлык мөөнөттө көчүрүү иштерин тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.

Атап айтканда:

- Ак-Буура дарыясы аркылуу өткөн бардык мыйзамсыз көпүрөлөрдү алып салуу;
- Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагында мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген бардык жетекчилердин жоопкерчилигин кароо;
- селден жабыркаган (өлкө боюнча каза болгон) 25 жарандын үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон бөлүп берүү;
- табигый кырсыктан турак жайы бузулуп, кооптуу деп табылган жарандарга 1 млн сомдон бөлүп берүү;
- үйү капиталдык оңдоону талап кылган тургундарга - ар бирине 500 миң сомдон бөлүп берүү;
- Ош шаарынын борбордук базарында кырсыктан жапа чеккен соодагерлерге 100 миң сомдон бөлүп берүү.

Мындан тышкары, райондук администрация башчыларына табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн шарт түзүү максатында жарандарга турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий