• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто соодагерлерге базарды көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.07.24. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук базарын жаңы жерге көчүрүү боюнча соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Күн мурун Ош шаарынын мэриясынын, борбордук базардын дирекциясынын жана муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү соодагерлер арасында базарды Көкүмбий көчөсүндө жайгашкан жаңы соода жайга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иш-аракеттерин жүргүзүштү. Коопсуздукту тартип сакчылары камсыз кылышты.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында ишкерлер борбордук базардын жаңы жайгашкан жери менен таанышып чыгышты.

Белгилей кетсек, 14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын жана бир катар айылдарды каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүн - 4 адамды, ошондой эле борбордук базарда бир аялды сел агызып кеткен.

Жакында министрлер кабинетинин төрагасы – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев селден жапа чеккен жарандар менен жолугуп, борбордук базар коопсуз жайга көчүрүлөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий