• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери окуучуларга ачык сабак өтүп, жол белгилерин үйрөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери окуучуларга ачык сабак өтүп, жол белгилерин үйрөтүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Каракол шаардык ИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана жаш өспүрүдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү тарабынан Каракол шаарынын мектептеринде башталгыч класстардын окуучуларына атайын жол белгилерин таанытуу боюнча ачык сабактарды өткөрүшүүдө.

Ачык сабактын жүрүшүндө милиция кызматкерлери оюн түрүндө жол эреже белгилерин көрсөтүшүп, анын жол кыймылындагы коопсуздукту сактоодо кандай мааниси бар экенин түшүндүрүп беришүүдө.

"Бул иш-чаранын максаты балдар менен өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоого, жол эрежелерин бузуунун алдын алуу жана жол эрежелерин сактоого багытталган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий