• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Ошто социалдык кызматкерлердин күнү чоң салтанат менен белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 19.10.24. /Кабар/. Ош шаарында Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Өлкөнүн түштүк борборунда бул кесиптик майрам биринчи жолу масштабдуу деңгээлде өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Камчыбек Досматов, Социалдык фонддун жетекчиси Бахтияр Алиев, Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанбаев катышты.

"Акыркы жылдары президент Садыр Жапаров социалдык коргоо саясатын жаңы нукка буруп, өлкөбүздөгү адамдык капиталды өнүктүрүүгө, инклюзивдик социалдык коргоо системасын түзүүгө басым жасоодо. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун колдоосу менен социалдык кепилдиктерди каржылоо жакшырды, министрликтин бюджети дээрлик 86% га өстү", - деди ал.

Министр социалдык кызматкерлер калкка социалдык-медициналык, психологиялык, реабилитациялык жана башка кызматтарды көрсөтөөрүн баса белгиледи.

"Учурда министрлик кепилденген кызматтардын бардык түрлөрүн толугу менен аткарып жатат. Бүгүнкү күндө 1 миллиондон ашык адам ар кандай социалдык жеңилдиктерди жана кызматтарды алышат. 900дөн ашуун социалдык кызматкерлер 10 миңден ашуун адамды үйүндө тейлешет", - деп кошумчалады ал.

Жылдыз Полотова мамлекеттик саясатта региондорду өнүктүрүүгө чоң маани берилерин баса белгиледи.

"Мамлекет башчысы демилгелеген административдик-аймактык реформа аймактык өнүгүүнүн жаңы векторун түптөдү. Министрлик дагы айыл жана райондордогу жашоо сапатын жакшыртуу боюнча саясат жүргүзүп жатат. Ал эми Оштогу социалдык кызматкерлер күнүн белгилөө мамлекеттин облустардагы жана райондордогу Социалдык коргоого көңүл буруусун баса белгилейт. Борбор калаада гана эмес, анын сыртында да социалдык кызматкерлерди сыйлоо салтка айланат деп ишенем", – деди ал.

Салтанаттуу иш-чара социалдык тармактын мыкты кызматкерлерине Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшыруу аземи менен уланды.

Салтанат майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий