• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Ошто социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Кыргызстандын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эскперти Камчыбек Досматов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, президенттин Ош облусундагы чөкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанбаев, Социалдык фондунун төрагасы Бахтияр Алиев, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу, социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери катышты.

Мэрдин орун басары Замир Юсупов ардактуу кесип ээлерин майрамдары менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа тартууланып, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Ошондой эле айрым кызматкерлерге Эмгек министрлиги тарабынан социалдык коргоонун отличниги наамы менен төш белги ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий