• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ошто өтө турган жаңы жылдык иш-чаралардын программасы

Аймак 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Ош шаарында 31-декабрда “Жаңы жыл - 2023” аттуу концерттик салтанат өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын программасы:

31-декабрда саат 12:00-13:00дө С.Бекмуратов атындагы №1балдар музыкалык мектеби жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт;

Саат 13:00-14:00дө П.И.Чайковский атындагы №2 искусство мектебинин концерти;

Саат 14:00-15:00дө “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун концерти;

Саат 15:00-16:00дө Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мугалимдери жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт;

Саат 16:00-17:00дө Ныязалы Борошев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын концерти;

Саат 17:00-18:00дө Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинин концерти;

Саат 18:00-19:00дө Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин концерти;

Саат 19:00-20:00дө Ош шаардык маданият башкармалыгы жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт;

Саат 20:00дөн тарта мэр Бакытбек Жетигенов баштаган жетекчилер элди жаңы жылы менен аянтта куттуктап, фейерверк менен коштолот. Андан соң жаштар үчүн ырлар жаңырып, дискотека уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий