Ошто талапка жооп бербеген 7 мал союучу жайдын иши токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында жайгашкан 7 мал союучу жай санитардык нормаларды аткарбагандыгы үчүн жабылды.

Бул жайлар калктын ден соолугун сактоо максатында жабылган. Анткени буга чейин атайын комиссия цехтердин ишинде бир нече эреже бузууларды таап, аларга эскертүү берген. Баардык табылган бузуулар четтетилбегендиктен, аталган жайлар жабылган.

Бул цехтер өз ишин оңдоп, мал союлуучу жайлардын экологиялык, ветеринардык жана санитардык абалын жакшыртып, тиешелүү жабдыктарды орнотуп жана малдарды алдын ала текшерүү жайларын оңдоп-түзөп, баардык талаптарды так аткарса, ишмердүүлүгүн кайра жандандырууга уруксат берилет.

Пикир

Оставить комментарий