• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто тарыхый жана маданий эстеликтердин жанына QR коддор орнотула баштады

Аймак 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Ош шаарында тарыхый жана маданий эстеликтердин жанына QR коддорду орнотуу долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул иш мэр Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен “Ош - Улуу Жибек Жолунун провайдери” программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Долбоор жаштар арасында тарых жана маданиятты жайылтуу, Ош шаарында жана облуста туризм тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

QR кодду смартфон аркылуу сканерлегенде эстеликтер качан тургузулганын, ал адамдын өмүр таржымалын, тарыхка кандай салым кошконун, сүрөттөрүн дароо көрө аласыз. Мунун баары үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет.

Белгилей кетсек, учурда Ош шаарындагы жана Ош облусундагы 20 объектинин жанына QR коддор орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий