• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы №2 мектепке жаңы спорт зал курулду

Аймак 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №2 Кадыр Закиров атындагы орто мектептин жаңы спорт залы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага жергиликтүү бюджеттен 7 млн 732 миң сом акча каражаты сарпталган.

Мекемедеги иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова, КР билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Облус башчысы билим берүү мекемелериндеги шарттардын түзүлүүсү балдардын билим сапатын жогорулатууга таасири чоң экенин белгиледи. Бул багыттагы муктаждыктарды жоюуда облус аймагында алгылыктуу иштер жүрүп жатканын айтты.

Жалал-Абад шаарындагы №2 Кадыр Закиров атындагы орто мектепте 2 миңге жакын окуучу билим алат. Калаадагы жалпы 20 мамлекеттик мектепте 25 миң 648 окуучу бар.

Пикир

Оставить комментарий