• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

COVID-19. Ортопедиялык патологиясы бар жарандар вакцина алса болот — дарыгер

COVID - 19 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Ортопедиялык патологиясы бар жарандар коронавируска каршы вакцина алса болот. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакытбек Исаков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бейтап жаңы жаракат алган учурда дарыгерлер жана медицина кызматкерлердин бардык күч аракети жаракат менен күрөшүүгө жумшалат. Ошол себептен бейтаптын акыбалы турукташкан учурда вакцина алууга болот.

“Тубаса ортопедиялык потология — эненин ичинде түйүлдүк чоноюп жетилип жатканда ички-тышкы кандайдыр бир себептердин таасиринен, кол-бут сөөктөрүнүн, кандайдыр бир омуртка, жамбаш сөөктөрүндө туура эмес өнүгүү пайда болот. Ошол учурда бала ортопедиялык патология менен төрөлөт. Он сегиз жашка чейин ал патология менен жашайт. Он сегиз жаштан кийин алар эмдө алууга болот. Эмдө эч кандай терс таасирин тийгизбейт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий