• 87
  • 90.44
  • 0.86

Ошто УКМКнын Аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик башчылары, ардагерлер жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери УКМКнын Аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгынын бөлүмүнө биринчи жолу жаңы имарат салынганы маалымдалды. Жаңыланган мекемеде заманбап бардык шарттар камсыз кылынды.

Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, мындан ары эми УКМКнын Аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкөдөгү бардык аскер кызматкерлеринин ички тартибин тыкыр жөнгө салууга катуу аракеттер көрүлөөрүн белгиледи.

"Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасынын негизинде, мамлекетибиздеги бардык аскер кызматкерлерибиздин кызматтык шарттарын жакшыртуу жана материалдык-техникалык базаларын чыңдоо, курал-жарактарын жаңылоо жана кубаттандыруу багытында олуттуу жумуштарды аткардык жана аткарып жатабыз. Эми мындан ары өлкөбүздөгү аскер бөлүктөрүндөгү, Куралдуу күчтөрдөгү ички тартипти бекемдөө жана ирээтке келтирүү, татыксыз, мыйзамды сыйлабаган кадрлардан тазалоо иштери күчөтүлөт...", - деп баса белгиледи ал.

УКМКнын Аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгынын 4 -бөлүмү буга чейин Советтер союзу учурунда курулган эски корпуста иштеп келишкен жана эч кандай кызматтык шарттар камсыздалган эмес.

Камчыбек Ташиев жаңы имаратты көруп чыгып, бөлүмдүн жашыл аймагына арча отургузду.

Пикир

Оставить комментарий