Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өттү.
Муниципалитеттен билдиршкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлерге Ардак грамота, ыраазычылык баракчалар жана төш белгилер тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий