• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Маданият министри Азамат Жаманкулов Кореянын элчиси Ли Вонджэни кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-январда КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэни кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Баарлашуунун жүрүшүндө маданият министри Кыргызстан менен Кореянын ар дайым жакшы мамиледе болгондугун белгилеп, ошондой эле корей маданияты кыргыз элинин арасында чоң популярдуулукка ээ болду деген оюн билдирди.

Министр ошондой эле Улуттук китепкананын базасында кыргызстандыктарга корей жана кыргыз тилдериндеги материалдарга жигердүү мүмкүнчүлүк берген улуттук корей борбору ийгиликтүү ачылганы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында маданий иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулап, улуттук чыгармачыл коллективдердин гастролдорун өз ара негизде өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ билдиргендей, учурда Кореянын «Кугак» улуттук борборунун гастролу пландаштырылганын маалымдап, Бишкекте спектакль үчүн концерттик программа даярдап жаткан айтты.

Элчи ошондой эле кыргыз элинин Кореяга болгон кызыгуусу чоң экенин баамдап, элчилик билим берүү жана маданият мекемелеринин базасында корей борборлорунун ишин дайыма колдой турганын белгиледи.

Тараптар ошондой эле туризм тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулап, пандемияга чейин Кореядан келген туристтердин олуттуу саны Кыргызстандын жаратылыш жана маданий жайларына келгенин, ошондой эле кыргызстандык туристтердин Кореяга барууга болгон кызыгуусун белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар быйылкы жылы Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата ар кандай иш-чараларды өткөрүү маселелерин иштеп чыгууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий