• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ошто уурулукка шектүү катары кармалгандардын бири адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Ош облусунда уурулукка шектүүлөр кармалып, алардын бири адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-майда М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "Мыйзам-Ата" аттуу дүкөнүнөн 85 миң сом акчасын жана 13 миң сомдук товарын уурдап кеткендерге чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факт Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, мыйзамга ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталган. Алар Ош облусунун тургундары 1982-жылы туулган Д.А. жана 1992-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар экени такталган.

Шектүүлөр мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган. Андан тышкары, шектүүнүн бирөөсү Д.А. Россияда киши өлтүрүү беренеси боюнча мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндүгү белгилүү болгон.

Учурда шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматында.

Алардын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий