• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто волейбол боюнча "Өмүр үчүн күрөш" урааны астында кайрымдуулук чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Ош шаарында волейбол боюнча аялдар арасында "Өмүр үчүн күрөш" урааны астында кайрымдуулук чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.

Мелдеш 15-февралда "Рамазан" спорт комплексинде өткөрүлмөкчү.

Иш-чаранын максаты - рак менен күрөшүп жаткан 12 жаштагы Айжамал Темирбековага Индиядан операция жасоо үчүн акча каражатын чогултуу.

Мелдешти Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева "Борбордук Азиянын аялдар лигасы” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү Асел Атабекова жана Гүлназ Исаева менен биргеликте уюштурушууда.

Кайрымдуулук чемпионатынын өзгөчөлүгү – аялдарды сергек жашоого тартуу менен бирге, кайрымдуу болууга, башкаларга жардам берүүгө үндөө аркылуу Айжамалдын өмүрүн сактап калууга салым кошуу.

Айжамал апасы менен биргеликте учурда Индияда дарыланууда. Дарылануу оор болгондуктан, операциясына 70 миң доллар керек экендигин аталган оорукана тарабынан билдиришкен.

Буга чейин Бишкекте "Өмүр үчүн күрөш" деген ураан менен уюштурулган волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеш аялдардын башын бириктирип, Айжамалдын Индияга кетишине шарт түзгөн жана "Борбордук Азиянын аялдар лигасынын" түптөлүшүнө өбөлгө болду.

15-февраль – рак илдетине чалдыккан балдардын Бүткүл дүйнөлүк күнү.

Пикир

Оставить комментарий