Бишкек, 18-март /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Ош шаарында массалык ишембилик өттү. Ага шаар жетекчилери, Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын, мекеме ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана жаштар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ишембиликте катышуучулар шаардагы сейил бактарды, мекеме ишканалардын айланасын тазалап, көчөлөрдөгү бак-тарактарды, арыктарды тазалашты.
Эске салсак, 1-марттан тартып Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругу менен шаарда көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалоо боюнча үч айлык жарыяланган. Жарыяланган үч айлыктын алкагында Сулайман-Тоонун айланасын, Ак-Буура дарыяларынын жээктерин тазалоо, ар бир шаардык уюм, мекемелер калаага кооздук үчүн ар түрдүү гүлдөрдү, бадалдарды, анын ичинде дарактарды, теректерди, ак кайың, кара жыгач, туя жана башкаларды отургузушат.
Пикир
Оставить комментарий