• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто Жарандык коргонуу кызматтарынын командалык-штабдык машыгуулары башталды

Аймак 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясында Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жетектеген Жарандык коргонуу кызматтарынын командалык-штабдык машыгууларын баштоо боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага мэриянын аппаратынын кызматкерлери, КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчилик курамы, Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын, шаардык жана муниципалдык уюмдарынын, ишканаларынын жана кызматтарынын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Марс Исаев белгилегендей, жарандык коргонуунун 2023-жылга бекитилген планына ылайык, 17-19-майда Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдары менен "Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болушунда жана аларды каттоодо, Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык, тармактык тутумдарынын алдындагы башкаруу органдарынын аракеттери, күчтөрү жана каражаттары" темасы боюнча республикалык командалык-штабдык машыгуулар башталган.

"Биздин республика тоо тектери сейсмикалык жактан активдүү аймакта болгондуктан, биз ар кандай табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга дайыма даяр болушубуз керек", - деди Исаев.

Машыгуулар боюнча, аймактар аралык кызматташуунун алкагында Ош шаарынын Жарандык коргонуу каражаттары аркылуу бардык тиешелүү кызматтарга, жардам көрсөтүү жөнүндө эскертүүлөр берилет.

Белгилей кетсек, негизги машыгуулар Талас облусунда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий