Ошто ЖОЖдор арасында сармерден оюну өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. 13-14-март күндөрү Ош улуттук драма театрында жогорку окуу жайлар арасында сармерден оюну өттү. Бул тууралуу Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен билдиришти.

Аталган саамалык Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан жарыяланып, ага ылайык үч окуу жай чүчү кулак кармаган. Алгачкы айлампада Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин таланттары сармерден таймашына түштү. Мында жеңүүчү аталган ОшМПУнун командасы ОшМУ менен финалдык беттеште таймаш куруп, өз таланттарын тартуулашты.

Сармердендин салтына ылайык саламдашуу, элдик обондуу ырлар, бийлер, акыйнек айтышуулар, жаңылмач жана макал айтышуу менен эки тарап өздөрүнүн дараметин, деңгээлин далилдешти.

Ар бир аткарылып жаткан номер көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланып, калыстар тобунун сынына түштү. Окуу жайлардын өзгөчө даярдыгы, мыкты таланттардын аткаруусу кечени өз максатына жеткире алды.

Жыйынтыгында калыстар тобу эки тарапты тең жеңүүчү деп табып, оюн достук жеңиши менен аякталды. Бул менен бирге уюштуруу тобу жана демөөрчүлөр тарабынан сыйлыктар тапшырылып, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы Ыраазычылык баракча жана 50 миң сом акчалай сыйлыкка татыды. ОшМПУ менен ОшМУга да Ыраазычылык баракча жана 125 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий