• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө жашы жете электер менен иштөө инспекторлоруна семинар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-22-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облусунун жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине окуу семинар болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, семинарда КР Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова, КР ИИМдин Академиясынын Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын окутуучусу Азамат Абдрахманов, "Мобилдик унааларды колдоо" коомдук бирикмелеринин ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция кеңешчиси Константин Бедаревдар катышты.

Белгилей кетсек, семинарлар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) колдоосу менен өткөрүлүүдө. Буга чейин республиканын түштүк аймагында семинарлар өткөрүлүп келген.

Бул семинардын негизги максаты жана милдети – милиция кызматкерлеринин демократиялык принциптери боюнча потенциалын жогорулатуу, трансулуттук коркунучтардын алдын алуу, жашы жете электерди экстремизм көз караштарга азгырылуусуна бөгөт коюу, мыйзамсыз баңгизаттын жана психоактивдүү заттардын жаңы түрлөрүнө байланыштуу кылмыштардын алдын алуу жана болтурбоо, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жол кырсыгын алдын алуу. Ошондой эле ички органдардын кызматкерлеринин кызматтык этикасы менен кантип сылыктык көрсөтүү, кесиптик ишмердүүлүктө токтоолук сыяктуу маанилүү маселелерге токтолуп кетишти.

Семинардын алкагында бардык катышуучуларга сабактардан сырткары кызмат учурда зарыл болгон маалыматтар камтылган колдонмолор таркатылды.

Белгилей кетсек, мындай семинарларды өткөрүү, биринчи кезекте жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу жана аларга карата эң натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жакшыртуу үчүн зарыл.

Семинардын аягында катышкан кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий