• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Кулжада эс алуучу жайларда коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Кара-Кулжа районунун аймагындагы эс алуучу жайларда райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Ош облусунун аймагында жаш өспүрүмдөр сууга түшүп каза болгон 8 учур катталган. Ошондуктан мындай өкүнүчтүү окуяга жол бербөө максатында Кара-Кулжа районунун Тогуз-Булак, Кашка-Жол, Кара-Кочкор жана Ылай-Талаа айыл аймактарынын аймагындагы эс алуу жайларындагы эс алуучуларга жана жашоочуларга сууга түшүү учурунда коопсуздукту сактоону, жаш өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоону жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо талаптарын так аткаруу боюнча түшүндүрмө беришип, нускамаларды таркатышты.

Жарандарга жайкы эс алуу мезгилинде сууга чѳгүү кырсыктарын алдын алуу максатында ата-энелер ѳз балдарын кандай гана учур болбосун кароосуз калтырбоону эскертишти.

Иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий