• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Ошто зомбулукка кабылган 15 жаштагы кыздын окуясы. Милиция 4 шектүүнү кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Ошто милиция зордук-зомбулукка кабылган 15 жаштагы кыздын окуясына байланыштуу 4 шектүүнү кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Буга чейин Ош шаарынын 15 жаштагы тургунуна карата топ кыздар зомбулук көрсөтүп, күч колдонуу менен белгисиз даректе кармашкан факт боюнча Ош ОИИБи иликтөө иштерин баштаган болчу.

Белгиленгендей, милициянын ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында окуянын жагдайлары аныкталып, 15 жаштагы кызды сойкулук кылууга мажбурлоо аракеттери болгондугу билинди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси ("Сойкулук кылууга тартуу") менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин натыйжасында 21 жаштагы Э.Б., 23 жаштагы К.М., 20 жаштагы Ш.Н. жана 18 жаштагы М.М. аттуу жарандар бул кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

"Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат, калган тиешеси бар адамдар менен тергөө амалдары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий