• 87
  • 90.41
  • 0.84

Оштогу Раимбеков көчөсүнө асфальт төшөлө баштады

Аймак 0

Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. Ош шаарындагы Ж.Раимбеков (Зайнабетдинов) көчөсүнө асфальт төшөлө баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ж.Раимбеков (Зайнабетдинов) көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө, жашылдандыруу жана жарыктандыруу жумуштарынын алкагында, жолго жаңы асфальт төшөө иштери башталды.

Туурасы 22 метрди, узундугу 600 метрди түзгөн жолго жалпысынан 5 см ири жана 4 см майда бүртүкчөлүү 2 катмар асфальт төшөлөт.

Жумушка 10дон ашык атайын техника жана 25ке жакын жумушчулар тартылган.

Пикир

Оставить комментарий