• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оштогу Бабур театрында оңдоп-түзөө иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек. 10.01.22. /Кабар/. Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрын реконструкциялоо иштери өз нугунда жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, бүгүн вице-мэр Жасур Азимов оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, мекеменин электр жана жылуулук менен камсыздоо кубаттуулугун жогорулатуу, инженердик коммуникацияларды реконструкциялоо маселелери каралды.

Эскерте кетсек, театрды оңдоп-түзөө Өзбекстан тарабынан гранттык негизде өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылууда.

Учурда имараттын ички бөлүгүндө иш жүрүүдө. Долбоордун баасы 5 млн АКШ долларын түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий