• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Оштогу борбордук базарда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Ош шаарындагы борбордук базарда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдорду жана соода түйүндөрүн сел менен кошо агып келген ылайдан, таштандылардан тазалоо иштерине 300гө жакын муниципалдык, коммуналдык ишканалардын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тартылды.

Мындан тышкары, тиешелүү күч түзүмдөрү коомдук коопсуздукту камсыз кылууда.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош шаарынын аймагына катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суу деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда эс алып жаткан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү - 4 адамды сел агызып кеткен. Учурда алардын биринин сөөгү табылды. Мындан тышкары, соода күркөлөрүн, унааларды агызган. Учурда издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин тазалоо иштери күчөтүлгөн режимже уланууда.

Пикир

Оставить комментарий