• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Оштогу сел. Ак-Буурадан сөөгү табылган аялдын өздүгү такталды

Кырсык 0


Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Ошто Ак-Буурадан сөөгү табылган аялдын өздүгү такталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Такталган маалымат боюнча, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д . аттуу аял киши (кыздардын апасы) болгон.

Белгилей кетсек, аталган жарандын сөөгү бүгүн саат 11:30дарда Ак-Буура дарыясынан ӨКМдин куткаруучусу Алтынбек Исабеков тарабынан табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Буга чейин 6 жашар кыздын сөөгү табылганы, Өзгүр айылында селден куткаруу иштерине жардам берип жаткан бир эркекти КамАЗ үлгүсүздөгү унаа тебелеп кетип каза болгону айтылган.

Учурда сел агызып кеткен дагы бир аял жана эки кыз изделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий