• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оштогу сел. Кара-Суу аймагында бардык абоненттерге жарык берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 16-июль саат 08:30га карата Ош облусунун Кара-Суу аймагында жарыксыз калган бардык абоненттерге электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 14-июлда аймакта катуу сел жүрүп, Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи тейлеген 7 500 керектөөчү жарыксыз калып, 8 даана электр тирөөчүн сел агызып кеткен.

Учурда Кара-Суу районунда жайгашкан 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен,оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштери жасалып, чыңалуу толук кандуу 7500 абонентке берилди. 4 трансформатор жеке менчик болгондуктан калган 25 керектөөчүгө электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүүдө.

Жалпы 26 персоналдан турган авариялык оңдоп-түзөө бригадалары иштеп, 6 даана атайын техника - 4 даана бригадалык автоунаа, 1 даана экскаватор, 1 даана камаз жумушка тартылган.

Мындан тышкары, Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТи тейлеген Ош шаарындагы "Центр" көмөк чордонунун ЭлТР фидеринен 1 даана, "Катта-Сай" көмөк чордонунун Дача фидеринен 1 даана 10кВ электр мамычалары сынып, агып кеткен.

Азыркы учурда электр тирөөчтөрү калыбына келтирилип, жаңы тирөөчтөр коюлду. Ошондой эле "Төлөйкөн" көмөк чордонунун Түндүк фидерине чагылган түшүп, трансформаторду алмаштыруу иштери жасалууда.

Белгилей кетсек, 14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын жана бир катар айылдарды каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүн - 4 адамды жана дагы бир аялды сел агызып кеткен. Төртөөнүн сөөгү табылып, дагы бир жаран изделүүдө. Мындан тышкары, соода күркөлөрүн, унааларды суу агызган. Учурда издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин тазалоо иштери күчөтүлгөн режимде уланууда.

Пикир

Оставить комментарий