• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад шаарында ири көргөзмө-жармаңке өтөт

Аймак 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Жалал-Абадда өтүүчү “Өнүгүүнүн аянтчасы” аталышындагы эл аралык ишкер айымдардын форумунун алкагында ири көргөзмө-жармаңке өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад бизнес ассоциациясынан кабарлашты.

Анда каалоочулар жергиликтүү жана ата мекендик ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн тамак-аш, курулуш материалдарын жана айыл чарба продуктуларын пайыздык арзандатылган баада сатып алса болот.

Ишкер айымдардын потенциалын өнүктүрүү максатындагы форумдун алкагында, жашоочуларга карата түзүлгөн бул мүмкүнчүлүктү уюштурууну Жалал-Абад бизнес ассоциациясы колго алган. Ал 1-2-март күндөрү шаардагы, Жалал-Абад ресторанында өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий