• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кант-Ивановка перегонунда жыгач шпалдар темир-бетон шпалдарга алмаштырылууда

Аймак 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Кант-Ивановка перегонунда шпалдарды толук алмаштыруу иштери уланууда. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" УК" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунда жайгашкан перегондо эскилиги жеткен жыгач шпалдар темир-бетон шпалдарга алмаштырылууда.

Ишканадан белгилешкендей, жалпысынан 4 чакырым алмаштырылат, 2 чакырымда жумуштар бүткөн. Бул аптада жумуштун 75%ы бүтөт.

Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 3 инженердик техника тартылган.

Пикир

Оставить комментарий