• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оштогу сел. Кесепеттерин жоюуга ӨКМден 370 куткаруучу тартылды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-июлда Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 370 куткаруучу тартылды.

Ошондой эле 40 техника, 370 куткаруучу, 15 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматынан 22 инженердик техника жана 19 мотопомпа, ал эми жарандарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2 өрт өчүрүүчү авто унаа иштеп жатат.

Кара-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 770, Ош облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 50, Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан 21 милиция кызматкери тартылды.

Белгилей кетсек, учурда Кара-Суу районунун Датка жана Манас айыл аймагында сел кирген турак үйлөр толук тазаланып бүткөрүлдү.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий