• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Оштогу сел кырсыгынан жабыркаган соодагерлердин жарымы компенсация алышты

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын июль айында Ош шаарында болгон селдин кесепетинен 1480 жабыр тарткан соодагердерлердин 522и компенсация алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар бир ишкерге келтирилген зыяндын өлчөмү ар башка: 100 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин. 30га жакын соодагерге 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Бүгүнкү күнгө карата 522 ишкер мамлекеттен 100 миң сомдон алышкан. Дагы 623 соодагердин тизмеси министрлер кабинетинин бекитүүсүнө жөнөтүлдү.

Соодагерлердин арасында Салык кызматында каттоого турбагандар же селден кийин каттоого тургандар бар. Аларга компенсация каралган эмес, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылдын 14-июлунда Ош шаарында жана Ош облусунун айрым жерлеринде катуу сел жүргөн. Президент селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөөрүн айтып, табигый кырсыктар учурунда мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы кыйраган мүлктөрдү тез арада калыбына келтириши үчүн жарандарды турак-жайын камсыздандырууга чакырган.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышып, облустун жана шаардын инфраструктурасын калыбына келтирүү, ошондой эле турак жайларга, социалдык объектилерге жана инфраструктуралык объектилерге жана ишкерлик жүргүзгөн субъекттерге келтирилген зыяндын эсеби боюнча тиешелүү зарыл чараларды көрүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий