• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Улуттук жазуучулар союзунун жыйыны өтүүдө, анда жаңы төрага шайланат

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн Улуттук жазуучулар союзунун кезектеги XVI жыйыны өтүүдө. Ана республика боюнча бирикменин мүчөлөрү катышууда.

Алгач жыйындын башында Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков 5 жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчет берип, бир топ алгылыктуу өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

Ошондой эле съезддин жүрүшүндө Улуттук жазуучулар союзунун жаңы төрагасы шайланары айтылды.

Төрагалыкка төрт талапкер ат салышууда. Алар:

  • Улуттук жазуучулар союзунун төрагалыгына КР Эл акыны Жедигер Саалаев;
  • КР Эл акыны Кожогелди Кулуев;
  • акын, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев;
  • акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Атантай Акбаров.

Белгилей кетсек, Улуттук жазуучулар союзунун учурдагы төрагасы Нурлан Калыбеков. Ал аталган уюмду 2019-жылдан бери жетектеп келет. Бул орунга төрага 5 жылда бир шайланат.

Союзга жалпы жонунан 570 калемгер мүчө.

Пикир

Оставить комментарий