• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оштогу сел. Жарандык коргонуу боюнча комиссия ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук базарында мэриянын алдындагы Жарандык коргонуу боюнча комиссия ишин баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Учурда комиссиянын мүчөлөрү тарабынан базар соодагерлерине келтирилген чыгымдарды эсептөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, борбордук базардын негизги өтмөктөрү сел ташкынынан тазаланып бүттү. Комиссия өз ишин аяктагандан кийин Ош шаарынын борбордук базары кайра ишке кирет.

Пикир

Оставить комментарий