• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Талас шаарында мигранттардын абалын жакшыртуу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Талас шаарында мигранттардын абалын жакшыртуу маселеси талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарада социалдык жардамдардын уюштурулушу, эмгек мигранттарынын балдарынын көзөмөлү боюнча жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалыматтар берилди.

Буга кошумча мигранттардын кызыкчылыктарын эске алуу, шаардын аймагындагы мигранттар менен жолугушууларды уюштуруп «Мыйзамдуу миграция» темасындагы окутууларды системалаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле мигранттар үчүн кесиптик билим берүү шарттарын түзүү, эмгек мигранттарынын балдарын каттоого алып көзөмөлдү күчөтүү, миграциядан келген үй-бүлөлөрдү жана жарандарды иш менен камсыз кылуу багытында иш алып баруу, өлкөдөн тышкары жүргөн кыргыз жарандарынын, ошондой эле Кыргызстандын аймагында жүргөн иммигранттардын, мекендештердин жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо системасын түзүү менен 2024-жылга бирдиктүү план иштеп чыгуу боюнча сунуштар талкууланды.

Белгилей кетсек, тегерек столдун ишине Талас шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ички иштер бөлүмү, Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу жана «Карылардын ресурстук борбору» коомдук бирикмеси жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий